Орусиянын Краснодар шаарында күч түзүмдөрү өспүрүмдөр машыгып жаткан спорт мектепке басып кирип, арасынан мыйзамсыз мигранттарды издеди. Бул тууралуу BAZA Телеграм каналы жазды.
Окуя 13-февралда болгон. Анда "Молодые орлы" спорт мектебине кирип келген күч түзүмдөрү машыгып жаткандардын ар бирөөсүнүн паспортун текшерген. Коопсуздук күчтөрү бир дагы мигрант таба алган эмес.
Окуяга бир нече мүнөт калганда күч кызматкерлери спорт мектептин мурдагы дарегине барышып, эч кимди тапкан эмес. Алардын бири машыктыруучуга телефон чалып, машыгууга жазыларын айтып, дарегин сураган. Он мүнөттөн кийин коопсуздук күчтөрү залга кирип келишкен.
Орусиянын Мамлекеттик Думасынын үй-бүлөнү коргоо боюнча комитетинин башчысы Нина Останина муну "маскарачылык" деп атап, бул боюнча Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцевге кайрыларын айтты.