Быйыл дыйкандарга 3 миллион литр дизель майы арзан баада сатылат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул жылы өлкө боюнча жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө 42,2 миң тонна дизель жана 12 миң тонна бензин керектелет. Ал эми дыйкандарды колдоо максатында мамлекет тарабынан 3 миллион литр дизель жеңилдетилген баада, тактап айтканда, 65 сомдон сатылууда.
"Министрлик менен түзгөн келишимге ылайык, Нефтетрейдерлер ассоциациясы нефтебазаларда жана май куюучу жайларда күйүүчү-майлоочу материалдардын топтолушун дайыма камсыз кылат", - деп билдирди министрлик.
Ошону менен катар Айыл чарба министрлиги өлкө боюнча кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү 90 пайыздын тегерегинде камсыз болгонун, ал эми сулу, кара күрүч, соя, күрүч жана тамекинин үрөндөрү 100 пайыз камсыздалганын кошумчалады.