Трамп Жо Байден дагы бир жыл президент болгондо үчүнчү дүйнөлүк согуш болмок дейт

АКШнын президенти Дональд Трамп үчүнчү дүйнөлүк согуш эч бир өлкөгө пайда алып келбейт деп эсептейт. Мындай пикирин ал Майами шаарында Сауд Арабиясы тарабынан уюштурулган инвестициялык форумда сүйлөп жатып билдирген.

Трамп Жо Байден дагы бир жыл президент болуп отурганда үчүнчү дүйнөлүк согуш башталмактыгын белгилеп, өзү дүйнөгө тынчтыкты орнотуу үчүн абдан тез кадам таштап жатканын айткан.

"Мен тынчтыкты каалайм. Жакынкы Чыгыштагы өлүмдөрдү, Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалда каза болгондорду карагыла. Мунун баары уланууда. Бирок биз ага чекит койгону жатабыз", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан