8-Март — бул гүлдесте жана куттуктоолор гана эмес, дос кыздар менен чогулуп, жайдары кеч өткөрүү. Үйдөгү кыздардын кечеси — жанын жай алдырып, маектешүү үстүндө жагымдуу эске каларлык учурларды жаратам дегендерге идеалдуу вариант. Аны кантип уюштурса болот? Ozon менен бирге сиздин майрамды эске каларлык кылчу идеялар жана товарлар менен бөлүшөбүз.
1-кадам: жагымдуу чөйрө жаратабыз
Кечтин маанайы көбүн эсе жаратылган жагдайдан көз каранды, ошондуктан жагымдуу чөйрө жаратуу маанилүү. Кооздук үчүн декоративдик жаздыкчаларды жана жапкычтарды (плед) колдонгула, сизге жаккан жыпар жыттуу шам чырактарды жандыргыла, түстүү гирляндалардан же өзгөчө жарык берүүчү шамдардан кошкула, вазаларга жаңыдан ачылган гүлдестелерди койгула. Эгер атмосфералуу кеч жаратууну кааласаңыздар, кыздардын кечесине белгилүү бир теманы тандасаңар дагы болот: пижама кечеси, 90-жылдардын стилинде, винтаж — бардыгы сиздин каалоңузга жараша.
2-кадам: таттуу даамдар
Жакшы тамак — бардык майрамдардын маанилүү бөлүгү. Адаттагыдай дасторкон жайуу милдет эмес, жеңил шам-шум жана десерттер маектешүүгө идеалдуу атмосфера жаратат. Жүзүм, жаңгак жана бал менен сүр быштак (сыр) тарелкасын даярдаңыз, канапе же мини-бутерброд жасаңыз, жашылчалар таякчаларын соус жана жер-жемиштер менен кесип коюңуздар. Эгерде тамак-аш даярдоого көңүлүңүз тартпаса пицца же роллго тапшырык бериңиз. Суусундуктардан коктейлдер, үйдө даярдалган лимонаддар, жемиштер менен чай же капучинаторуңуз болсо көбүктүү кофе жасоо ылайыктуу болот.
3-кадам: көңүлдүү кечке ылайыктуу оюндар
Майрам шаттуу жана эсте калгыдай болушу үчүн программаны ойлонуштуруу зарыл. Чыгармачыл чебер-класс уюштурса болот — мисалы, сүрөт тартуу, зер кооздуктарын же шам чырактарды жасоо. Эң мыкты вариант — жаркын аксессуарлар менен реквизиттердин коштоосунда фотозона жаратып, фотосессия уюштуруу. Жайдары эс алуу жана маектешүүгө «Имаджинариум», «Диксит», викториналар, Uno же Alias сыяктуу стол үстүндө ойнолчу оюндар ылайыктуу болот. Жөн гана жайбаракат эс алгыңыз келеби? Анда караоке кечесин, бий же жылуу-жумшак үйдөгү киносеансы туура болот.
4-кадам: меймандар үчүн жагымдуу сюрприздер
Косметикалык мини-топтомдор, жыпар жыттуу шамдар, шоколад же калоо-тилектер менен ачык каттардан даярдаңыз. Ошондой эле кичи белектер менен сынактарды уюштурса болот. Ушундай жагымдуу деталдар майрамдык маанайды жаратып, кечти өзгөчө кылат.
Идеалдуу майрамга эмне зарыл болушу ыктымал?
Кыздардын кечесин уюштуруу үчүн тиешелүү атмосфераны жаратуучу нерселерди камдап алуу керек. Ozon-до бардык нерселерди бир жерден таап, тапшырык берип, сизге ыңгайлуу ыкма менен алып кетүү мүмкүн. Эң зарыл оокаттардын тизмесин даярдап койдук.
2. Коктейлдерге арналган топтомдор. Бокалдар, шейкер, коктейль түтүкчөлөрү жана сироптор идеалдуу суусундуктарды жаратууга жардам берет.
3. Күзгү менен капталган айлана. Чөйрөнү өзгөртүп, кечтин атмосферасын жаратат.
4. Кечеге арналган ультрафиолет шам чырагы. Мындай гаджет таасирлүү антураж жаратат: жаркыраган оюулар, адаттагыдай эмес жарык берүү жана түнкү кече атмосферасы. Таасирин арттыруу үчүн дубалдарды же баннерлерди флуоресцент боектор менен сырдап койсо, ультрафиолет нурларында жаркырап сонун көрүнөт.
5. Бий килемчеси. Чакан топто жарышуу үчүн көңүлдүү интерактивдүү оюн.
6. Мультимедия проектору. үйдөгү кинотеатр жаратуу же бирге сүрөт көрүүгө шарт түзөт.
7. Фотосессияга арналган аксессуарлар. Ozonдо каалаган түзүмдөрдү тапса мүмкүн — фотоаянтчанын каркас, жаркыраган фотодубалдан тарта жасалма роза, шляпа, корона жана көңүл көтөрөөр маскага чейин.
8. Портативдүү буулуу сауна. Бирге СПА-процедуралары — дос кыздар менен бирге эс алуунун сонун варианты. Сауна адамдын тулку боюна чак жана бетине гана чакан формада болушу ыктымал.
9. Косметиканын түзүмдөрү. Дароо колдонууга даяр эң мыкты белек.
10. Стол үстүндөгү оюндар. Көңүлдүү кеч үчүн классикалык вараинттары менен бирге өзгөчө карта оюндары ылайыктуу болот.
Үйдөгү кыздардын кечеси — бул жакын адамдарыңар менен мыкты убакыт өткөрүү, эс алуу жана позитив менен кубаттануу мүмкүнчүлүгү. Эң негизгиси — деталдарга көңүл буруу, жакшы маанай жана дос кыздарды кубандыруу каалоо-тилеги. Жагымдуу жана кубанычтуу кече үчүн бардыгын Ozon дайындап, сунуштайт.