Кытай Трамп ээлик кылууну көздөгөн канал боюнча үн катты

Пекин эч качан Панама каналын башкарууга жана иштетүүгө байланышкан маселелерди козгогон эмес. Бул тууралуу Кытайдын Панамадагы элчилиги билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Элчилик каналдын үстүнөн Кытай көзөмөл жүргүзүп жатат деген айыптоолор чындык эмес экенин баса белгилеген. Ошондой эле билдирүүдө каналга көзөмөл орнотууга АКШ аракет кылып жатканы айтылат. Элчилик Вашингтондун мындай аракеттери Кытай-АКШ мамилелерине доо кетирерин эскерткен.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп жыл башында кызматка киришкени Панама каналын көзөмөлгө алуу керек деген пикирлерин кайталап айткан. Февраль айынын башында АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио каналда Кытайдын таасирине каршы кадамдарга баруу керек деген.

Панаманын тышкы иштер министри Хавьер Мартинес Ача Трампка жооп кылып, каналды динге салыштырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан