Коңшу Өзбекстанда өткөн күрөш боюнча турнирде жаш кыргыз балбанынын күрөшкөнү көпчүлүктү суктандырды.
Турнирге 20 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Мухаммедсалох Мухатхожаев финалга чейин жеткен. Ал финалда өзбекстандык балбан менен кез келип, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жеткен. Анын күрөшү кыргызстандыктарды эле эмес, өзбекстандык күйөрмандарды дагы суктандырган.
Көпчүлүк интернет колдонуучулары жаш балбанды келечектеги Акжол жана Жоламан деп аташууда.