Камакта жаткан журналист Махабат Тажибек кызы учурда ага карата коркутуулар токтогонун айткан. Бул тууралуу маалыматты акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын тапшырмасы менен институттун кызматкерлери Чүйдөгү №2 аялдар абагында жаткан Махабат Тажибек кызына жолугууга барышкан.
Белгилүү болгондой, буга чейин социалдык тармактарда Махабат Тажибек кызынын каты жарыяланып, анда ал өз өмүрүнөн кооптонуп жатканын жазган.
Жолугушууда абакта жаткан журналист институттун кызматкерлерине коркутуулар буга чейин болгонун, учурда чаралар көрүлүп, коркунуч жок экенин билдирген. Ошону менен катар ал абактын кызматкерлерине жана соттолгондорго доосу жок экенин кошумчалаган.
Ал эми мекеменин жаңы жетекчиси Махабат Тажибек кызынын арызынын негизинде текшерүү жүргүзүлүп, күнөөлүүлөр жазага тартылганын билдирип өткөн.