Маданият министрлиги уюштурган “Tалант шоу” конкурсунун 1-сезону аяктап, жеңүүчүлөр сыйланды (сүрөт)

Маданият министрлиги тарабынан уюштурулган “Tалант шоу” республикалык конкурсунун 1-сезону жыйынтыкталды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын 1-июнунан тарта өтүп жаткан сынакка жалпы 3459 арыз келип түшкөн. Алардын ичинен 1000 катышуучу тандалып, өз өнөрлөрүн тартуулашкан.
Ал эми тандоо этабынан кийин 100 катышуучу жарым финалга, андан соң 40 аткаруучу финалга өтүү үчүн күрөшкөн. Алар тажрыйбалуу адистердин жетекчилиги астында вокал, сахнада өзүн алып жүрүү, хореография жана ораторлук чеберчилик боюнча интенсивдүү мастер-класстардан өтүп, натыйжада 10 жеңүүчү төмөнкү сыйлыктарга ээ болушту:
● 100 000 сомдук акчалай сыйлык
● 3 жылдык продюсердик келишим
● Ыр жаздыруу жана клип тартуу мүмкүнчүлүгү
● Түркияга саякат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан