Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүп, анын куралдуу кагылыш учурунда президенттик шайлоону өткөрүүдөн баш тартуусун легитимдүү деп эсептей турганын билдирди.
"Премьер-министр Украинанын демократиялык жол менен шайланган лидери катары президент Зеленскийди колдой турганын айтты жана жаңжал учурунда шайлоону токтотуу толугу менен акылга сыярлык экенин белгиледи", - деп айтылат өкмөт кеңсесинин билдирүүсүндө.
Ал экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Улуу Британия ушундай эле кадамга барганын мисал кылган.
Стармердин Украин лидерин колдоого алышы АКШнын президенти Дональд Трамп Зеленскийди шайлоо өткөрүүдөн баш тарткан диктатор деп сындагандан кийин болду.