UFC уюму Валентина Шевченконун кийинки атаандашын жарыялады

UFC уюмунун басма сөз кызматы уюмдун кыз-келиндер арасындагы жеңил салмактагы учурдагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченконун кезектеги атаандашын атады.

Ал франциялык мушкер Манон Фиоро болот. Эки мушкер ушул жылдын 1-майында Канадада өтө турган UFC 315 турниринде кез келет.

Валентина Шевченко UFC уюмундагы акыркы беттешин былтыр, 14-сентябрда өткөргөн. Анда кыргыз мушкери мексикалык Алекса Грассону жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан