Ноокатта эне окуучу кызы классташтары тарабынан сабалганын айтып чыкты (видео)

Ноокат районундагы Көк-Жар айылында жайгашкан Көк-Жар инновациялык орто мектебинин 10-классынын окуучусунун апасы кызы мектепте сабалганын айтып чыкты.

Сабалган кыздын апасынын айтымында, окуя өткөн жылдын 19-декабрь күнү болгон. Анда Малика аттуу кызды классташ кызы сабап, мурдун сындырып койгон. Жабыркаган кызга ооруканада операция жасалган.

"Менин кызымды классташтары, алардын башында Зейнеп аттуу кыз турат экен, сентябрдан бери эле "кедейсиң, акчаң жок" деп кемсинтип, басмырлап келиптир. Кызым бул тууралуу класс жетекчисине айтып, башка класска которуп коюусун сураныптыр, бирок эжекеси аны укпай койгон. Ошол эжекеси карап, кыздар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп койсо, менин кызым мындай жаракат албайт болчу.

Ал эми 19-декабрь күнү кызымды Зейнеп аттуу кыз сабак учурунда мугалимдер жок кезинде уруп койгон. Кызымды мурун тарабына 4-5 жолу муштап, тепкилеп мурдун сындырып салган", - деген апасы.

Аталган окуя боюнча мектептин жетекчилиги, жергиликтүү бийлик, Билим берүү министрлиги маалымат берген эмес.

Ал эми Ички иштер министрлиги аталган окуя боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

"2024-жылдын 19-декабрь күнү Көк-Жар айыл аймагында жайгашкан “Көк-Жар инновациялык мектебинин” окуу классында өз ара пикир келишпестиктен улам 2008-жылы туулган К.З аттуу кыз, жашы жете элек 2010-жылы туулган А.М.ди жүзүнө уруп, денесине жаракат келтирген.

Натыйжада А.М. жараатынан улам райондук аймактык оорукананын сынык-жарааттар бөлүмүнө кайрылган. Тергөөнүн жүрүшүндө Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен айыбы угузулуп, кылмыш иши боюнча чечим кабыл алынган", - деп билдирген ИИМ.

20.02.2025
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан