SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары" рубрикасынын кезектеги маектеши Германияда туризм багытында окуп жаткан Айыма Айтмаматова болмокчу.
Мекендешибиз Виллинген шаарында "Berufliche Schulen Korbach" окуу жайында билим гана албастан, окуу менен айкалыштыра иштеп да жатат. Келечекте Кыргызстандагы туризм багытын колго алууну каалаган дымактуу жаш бийкеч менен маекке көңүлүңүздөрдү бурабыз.
– Саламатсызбы, Айыма! Алгач өзүңүз тууралуу кенен айтып берсеңиз.
– Мен Айыма Айтмаматова, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Комсомол айылынан болом. Аталган айылдагы №7 Манас орто мектебинде билим алдым. Мектепти жалаң гана эң жакшы баа менен бүтүргөндүктөн, жалпы тестирлөөдөн жакшы балл алып, Кыргызстандагы алдыңкы университеттердин бирине бюджетке өтүп кеттим.
Менин асыл адамдарым атам Бактыяр Өскөнов менен апам Акылай Мамбетова өмүрүн келечек муунга билим берүүгө арнаган адамдар. Ата-энем мугалим болгондуктан, ар дайым кыз киши билим алыш керек деген принципти катуу тутунушат. Андыктан алардын айткан акыл-насааты билим алуубузга, өтө көп жардам берди десем жаңылышпайм.
Бала кезде адам баласы түрдүү кыялдарга чөмүлөт эмеспи. Ар кандай кесиптерди тандап дегендей. Дал ошол кыялдардын арасында эжем экөөбүздүн “чет өлкөгө барып окуп, саякаттап келебиз” деген илгерки үмүтүбүз бар эле. Университетке тапшырып, билим алып жатсам да өзүмдү таба алган жокмун. Башкача айтканда, алдыга койгон максаттарымдын кайсы бир бөлүгүнө жетпей калчудай болгон ойлор келе баштады. Анан студент кезде 3 айлык каникулда чет өлкөгө барып, иштеп келүү программаларына тапшырып баштадым. Ал умтулуумдун акыбети кайтып, бир нече ирет барып келгенге жетиштим. Бул мени Европага дагы да жакындаштырды. Учурда Германияда билим алып жатам.
– Германиянын кайсы шаарында турасыз? Кайсы багытта билим алып жатасыз? Окууну жумуш менен айкалыштыруу оордук жаратпай элеби?
– Мен азыркы тапта Германиянын Гессен аймагындагы Виллинген шаарында туризм багытында билим алып жатам. Бул “Ausbildung” деген программанын негизинде ишке ашты. Программа чет өлкөдөн билим алууну издегендер арасында кенен тараган, таанымал. Анткени билим гана албастан, иштеп, тажрыйба топтогонго практикасы да болот.
Мен, азыркы учурда Германиядагы кышкы туризм багытында өзгөчө белгилүү Виллингендеги отелде практика өтүп жатам. Ал эми окуум дагы ушул эле аймакта. Учурда мен 1-курсмун, келгениме аз эле убакыт болду. Бирок ошол эле учурда мен үчүн тажрыйбага бай болуп жатат.
Албетте, бардык нерседе кыйынчылык болот. Бирок билим алуу үчүн алыска келген соң дымактуу болуп, баарына көнүшүң керек. Анча-мынча жагдайларды эске албаганда, аябай ыңгайлуу болуп жатат деп эсептейм. Мисалы, окуу болгон күндөрү практикабыз жок, ал эми практика болгон күндөрү окуудан тыныгуу берилет. Бир жумада 5 жумушчу күн болсо, анын үч күнү билим алууга , 2 күнү практикабызга кетет. Анан да бул жакта билим гана алышың керек, анткени бардык шарт бар. Билим берүү багыты замандын талабына ылайыкташтырылган, акыркы үлгүдөгү жабдыктар менен камсыздалган.
– Чет өлкөгө окуп, иштеп келүү балалык кыялыңыз тура. Эмнеге Германияны тандап алдыңыз? Дагы кайсы максаттарыңыз орундалып жатат?
– Германия менин кыялымдагы өлкө болчу. Эмнеге десеңиз? Бул өлкөдө адамдардын коопсуздугу биринчи орунга коюлган. Анан да заманбап системалашкан мамлекет. Ал кошуна мамлекеттерге чыкканда да аябай билинет. Анан да немистердин тактыгын кайсы эл болбосун айтып келет эмеспи. Мени да туугандарым “аябай таксың” деп көп айтышар эле. Бул өлкөгө келген соң бул сапатым жергиликтүүлөргө төп келгенин байкадым. Балким, Германия мени ушул жагы менен да өзүнө тартты. Бул жакта жадакалса коомдук транспорт да өз мөөнөтүнөн кечикпейт.
Дагы жүрөгүмдөн түнөк тапкан бул өлкөдө “эл эмне дейт?” деген стереотип жок, эркинсиң. Сенин кийимиңе, баскан-турганыңа карап мамиле курбайт, баарына бирдейсиң жана да сени менен эч кимдин иши жок.
Анан да бул мамлекеттин жашоо образы мени өзүнө тартып туруп алды. Биринчи эле келгенимде кайра сөзсүз келем деген ниетте кеткем. Экинчи ирет келгенимде билим алуу жагындагы программа менен таанышып, анан келишимдерди алып кеткенге жетиштим. Жакындарымдын колдоосу жана “Флай глобус” компаниясынын жардамы менен окууга өтүп, бүгүнкү күнү кыялымдагы өлкөмдү багындырып жүрөм.
Билим берүү системасы да өзгөчө. Биздикинен башкача. Баалоо системалары дагы бөлөкчө.
– Сиз сыяктуу окууга баргысы келген мекендештериңизге кандай кеңеш бересиз? Кантип ал жакка тапшырса болот?
– Эгерде кимдир бирөөдө мектеп кезинде чет өлкөгө чыгып билим алам деген кыялдары болсо, убакытты текке кетирбей кармап калыңыз демекмин. Кайсы мамлекетти көздөсө анын маданиятын, үрп-адаттарын үйрөнүп, акырындан биле бериш керек. Азыр интернеттин заманы. Кайсы маалыматты болбосун өзү каалаган тилде таап окуса болот. Даярдыктар акырындык менен максатка өтүп, анан кыялдар сөзсүз орундалат. Адам максат койсо, ага жетүүгө азыр кадам ташташ керек.
Анан да эң негизгиси тил үйрөнүү зарылчылыгы бар. Менин тажрыйбамды айтсам максат койдум, ар булактардан маалымат чогулттум, тил үйрөндүм. Анан барып Германияга окууга тапшыруу үчүн немис тилинен Гёте сынагын тапшырдым. Бул немис тилин аныктоочу экзамен болуп эсептелинет.
– Окуу аяктаса Кыргызстанга келейин деген оюңуз барбы? Же дагы тажрыйба топтоп иштейсизби?
– Кыргызстанга сөссүз кайтып барам. Биздин өлкө тоолуу болгондуктан, кышкы туризимди өнүктүрүү алда канча оңой. Андыктан окуу менен бирге тажрыйба топтоп, өз мекенимдин туризм багытын өнүктүрүүгө салым кошом деген илгери үмүтүм бар.
– Мекенди сагындыңызбы? Ошол учурларда кантип сагыныч таркатасыз?
– Социалдык түйүндөрдөн көрүп “чет жерде жүргөндөр жыргап эс алып жүрөт, баары сонун” деп ойлоп калышы мүмкүн. Бирок анын артында канчалаган мээнет, сагыныч жатат. Алгач эле ата-энеңе, жакындарыңа, курбуларыңа жана мекенге болгон сагыныч пайда болот. Анан да чоң жоопкерчиликти алат экенсиң. Кыргызстандын атын булгабай, өзүңдүн жакшы жүрүм-турумуңдү, кыял-жоругуңду аларга үлгү катары көрсөтүүгө тырыша баштайсың. Анткени канчалаган өлкөлөрдөн келген группалаштарыңдын арасынан жалгыз кыргыз сен болуп калышың мүмкүн. Алардын “Кыргызстан, кыргыздар” дегенде ою жакшы болушу керек. Сөз тийгизип албайын деп болгон аракетим менен жакшы жагыбызды көрсөтүүгө тырышып келем.
Келгениме аз убакыт болсо да мекенге болгон сагынуум күчөп барат. Тамактарын өзгөчө сагындым. Анан сагынычыбызды тараткыбыз келген учурда мен жашаган шаардагы кыргыз жаштары чогулабыз да, кыргыз даамдарын жасап жейбиз. Ал жерде сүйлөшүп отуруп, Кыргызстанды келечекте ишке ашчу дымактуу демилгебиз менен өнүктүрүп салабыз да, анан үйлөрүбүзгө кайтабыз. Мекенге болгон сагыныч мына ушинтип тарайт.
– Өз учурунда чыгармачылыкка да аралашууну ниет кылган турбайсызбы? Азыр эмне болду? Ыр жаздырып улантайын деген ниет барбы?
– Чыгармачылык — бул менин хоббим. Буга чейин ыр жаздырып, клип тартып, кавер ырдап көргөм. Чыгармачылык дайыма мени менен. Буюрса, окуумду иреттеп алсам, сөзсүз хобби катары алектенем.
– Айыма, маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Келечекте туризм багытын колго алган, Кыргызстандын алдыңкы жаштарынан болушуңузга тилектешпиз. Окууларыңызга ийгилик каалайбыз!