Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда шаардык милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-февралда Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгына калаа тургуну арыз менен кайрылган. Жабырлануучу белгисиз жарандар узак убакыт бою Телеграм мессенжери аркылуу фондулук биржага акча каражатын инвестициялайт деп ишендирип, жалпы суммасы 65 миң доллар акчага алдап кеткенин айткан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон. Ычам-издөө иштеринин алкагында, 1993-жылы туулган К.Б. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
"Тинтүү иштеринин жүрүшүндө, 1 блог СИМ-бокс 32 ячейкасы бар, 6-USB флеш-топтогуч, Wi-Fi роутер, 9-банктык карталар и ноутбук табылып алынды", - деп айтылат маалыматта.
Тергөө иштери улантылууда.