Бишкектеги Анарбек Бакаев көчөсүндө каршы тилкеге чыккан айдоочуларга айып пул салынды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы маалымдады.
Социалдык тармактарда эртең мененкисин бул көчө менен каршы тилкеге чыгып айдаган айдоочулар көп болуп жатканы кабарланган. Мындан улам МАИ кызматкерлери эртең менен аталган көчөгө чыгышып, үч сааттын ичинде эле 360 миң сом айып пул салышкан.
Белгилей кетсек, кечээ, 19-февралда ушул эле көчөдөн 2 сааттын ичинде 180 миң сом айып пул салынган.