Египетте 103 жылдан кийин дагы бир фараондун мүрзөсү табылды

Египетте фараон Тутмос IIнин мүрзөсү табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, британиялык жана жергиликтүү археологдор мүрзөнү фараондун жана анын аялы Хатшепсуттун ысымдары жазылган идиштер аркылуу аныкташкан. Буга чейин 1922-жылы фараон Тутанхамондун мүрзөсү табылган.

Тутмос II байыркы Египетти биздин заманга чейинки 1492-1479-жылдары башкарган. Ал каза болгондо бийлик Хатшепсутка (1479-1458) өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан