Бишкектеги 5 миң көрүүчүгө ылайыкталган спорт аренасынын курулушу уланууда (сүрөт)

Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 5000 көрүүчүгө ылайыкталган кичи спорт аренасынын курулушу уланууда. Калаа мэриясынан билдиргендей, Тоголок Молдо көчөсүндө курулуп жаткан аренанын жалпы аянты 15 миң 342 чарчы метрди түзүп, имарат эки кабаттан жана жер төлөдөн турат.

Учурда металл конструкцияларын монтаждоо, металл элементтерин ширетүү, жабылбай турган калыптарды орнотуу жана тышкы инженердик тармактарды, анын ичинде канализация жана газ менен камсыздоо түтүктөрүн төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Курулуш иштерин "Евразия Строй Сервис" ЖЧКсы подряддык компаниясы жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, жаңы спорт аренасы мелдештерди жана массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн заманбап аянтча болуп, баш калаада спорттун өнүгүшүнө чоң салым кошот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан