Израилде бомба коюлган үч автобус жарылды (видео)

Израилде үч автобус жарылды. Ичинде жүргүнчүлөр болгон эмес. Бул туурасында Mash Телеграм каналы жазды.

Маалымдалгандай, каргашалуу окуя Тель-Авивдин түштүгүндөгү Бат-Ям шаарында болгон. Полиция үч автобуста жардыруу болгонун кабарлады, Бат-Ям менен Холондо бош унаалардан дагы эки жардыргыч зат табылгандыгы кошумчалаган.

“Кырсык болгон аймактагы бардык автобус айдоочуларына унааларын токтотуп, текшерүү тапшырмасы берилди. Бомбалар эртең мененки саат 9да жарылышы керек болуп, убактыларын чаташтырып алгандыктан, таймер туура эмес коюлуп, иштеп кеткен”, - деп белгилеген полиция басмаларга.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жардырууну теракт деп аташууда.

Израилде бомба коюлган үч автобус жарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан