Бүгүн, 21-февралга карата Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү 8 миллиард 975 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ААКсынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 172 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 523 куб метрди түзүүдө.
Эскерте кетсек, бир ай мурун Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 376 миллион куб метрди түзгөн.