Канаданын Торонто шаарындагы аэропортко конгондо оодарылып кеткен учактын жүргүнчүлөрүнө "Delta Airlines" авиакомпаниясы 30 миң доллардан компенсация сунуштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Буга чейин белгилүү болгондой, учакта жалпы 80 жүргүнчү болгон, алардын ичинен 18 адам жаракат алып, 17си жергиликтүү ооруканаларга жеткирилгени кабарланган. Ал эми каза болгондор болгон эмес.
Эгерде бардык жүргүнчүлөр төлөмгө макул болушса, авиакомпания дээрлик 2,3 миллион доллар акча каражатын бөлүшү керек болот. Мындай чечимге жүргүнчүлөр макул болбогон учурда алар авиакомпанияны сотко бере алышат.
Белгилей кетсек, 17-февралда Америкалык “Delta Airlines” компаниясынын учагы “Лестер Б.Пирсон” эл аралык аэропортуна конуп жатканда кырсыктап, оодарылып кеткен.