Маск Зеленскийдин саясий жеңилүүсү тууралуу билдирди

Америкалык миллиардер жана ишкер Илон Маск Украинанын лидери Владимир Зеленский президенттик шайлоодо чоң упай менен утулуп каларын биле турганын айтты. Бул туурасында ишкер X социалдык баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, Зеленский өлкөдөгү бардык массалык маалымат каражаттарын өз көзөмөлүнө алып, шайлоонун жыйынтыгын себепсиз жокко чыгарган.

«Чындыгында, аны Украина эли жек көрөт, ошондуктан ал шайлоодон баш тартты. Мен Зеленскийди шайлоо өткөрүүгө чакырам. Бирок ал муну кылбайт", - деди Маск.

Ишкер АКШнын президенти Дональд Трамп Зеленскийге көңүл бурбай койгонун туура деп эсептейт.

“Америка "паракорлуктун жийиркеничтүү, эбегейсиз машинасынан көз карандысыз дүйнөгө" умтулуп жатат”,- деп кошумчалаган билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, буга чейин Дональд Трамп Зеленскийди өз өлкөсүнө президенттик шайлоону өткөрүүнү каалабаган “диктатор” деп атаган. Ал эми анын айыптоосунан кийин Улуу Британиянын өкмөт башчысы Зеленскийди колдоп, АКШнын Япониядагы мурдагы элчиси Трампты сынга алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан