Кытайда жарганаттардан COVID-19га окшогон жаңы вирус табылды 

Кытайлык окумуштуулар жарганаттардан COVID-19 сыяктуу адамдарга жугушу мүмкүн болгон жаңы вирусту табышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, изилдөөнү Гуанчжоу Кытайдын Илимдер академиясынын, Ухань университетинин жана Вухан вирусология институтунун адистери жүргүзгөн. Ишти белгилүү кытай вирусологу Ши Чжэнгли жетектеген.

Алардын айтымында, жарганаттардан бөлүнүп чыккан жаңы вирус адамдын клеткаларына жугушу мүмкүн.

Ошол эле учурда вирусологдор азырынча дүрбөлөңгө түшүүгө эч кандай негиз жок экенин айтып, вирусту дагы да жакшыраак изилдөө керектигин кошумчалашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан