Режиссёр Дастан Жапар Рыскелдинин "Качкын" тасмасы Франциянын XXXI Везуль эл аралык Азия киносунун кинофестивалында үч сыйлыктын ээси болду. Бул тууралуу "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, аталган иш-чара 11-18-февраль күндөрү өткөн. Аталган тасма төмөнкү сыйлыктарга татыган:
- 1-сыйлык — кытайлык кинорежиссёр Цзя Чжанкэ төрагалык кылган кинофестивалдын калыстар тобунун атайын сыйлыгы.
- 2-сыйлык – тасмада ааламдык адам сатуу маселеси чагылдырылганы үчүн берилген "Марк Хааз" сыйлыгы.
- 3-сыйлык – Париждеги "Гиме" атындагы улуттук Азия искусствосу музейинин башкы сыйлыгы жана айкелчеси.
Айта кетсек, Везуль эл аралык Азия киносунун кинофестивалы (Везуль) 1995-жылдан бери уюштурулат жана анда жылыга 90дой тасма көрүүчүлөрдүн назарына сунушталып келет.
Ал эми "Качкын" тасмасы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясында 2024-жылы тартылган жана анын эл аралык бет ачары өткөн жылдын октябрь айында Пусан эл аралык кинофестивалында өткөн.