Өлкөдө 53 жетекчи тартиптик жоопкерчиликке тартылды (видео)

Өлкөдө 53 мамлекеттик кызматтардын жетекчиси тартиптик жоопкерчиликке тартылды. Бул туурасында президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо бөлүмүнүн башчысы Азамат Осмонов билдирген.

Президенттик администрациясынын маалымат кызматы билдиргендей, учурда "Ынтымак ордодо" президенттик аппараттын коллегиясы өтүүдө.

Осмонов ийгиликтер менен катар, айрым чечимдердин аткарылышында бир канча тартип бузуулар аныкталганын айткан.

"2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 53 мамлекеттик органдын жетекчиси тартиптик жоопкерчиликке тартылды. Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерине ылайык, 149 кызматкерге тартиптик чаралар колдонулду", - деп билдирген бөлүм башчы.

Ынтымак-Ордодо президенттик аппараттын коллегиясы өтүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан