Японияда токойдогу өрттөн улам 157 киши эвакуацияланды

Япониянын Иватэ префектурасында Когуро аймагындагы токой өртүнөн улам 157 киши эвакуацияланды. Бул жөнүндө чет элдик маалымат булактары жазышты.

Анда кабарлангандай, аймактагы өрттү өчүрүү Офунато шаарынын аймагында уланууда. Бул аймактагы өрт тууралуу биринчи билдирүү 19-февралда жергиликтүү убакыт боюнча түшкө жуук түшкөн.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн жана өзүн-өзү коргоо күчтөрүнүн учактарды ишке киргизип, абадан суу чачуу аракеттерине карабастан өрт жайылып, 225 гектарга жакын жерди каптаган.

NHK. басылмасы жазгандай, өрт өчүрүүчүлөр өрттүн турак жайларга жайылышын ооздуктоого жетишкени менен, бейшемби күнү кечинде жергиликтүү администрация Тахама аймагында жашаган 157 адамды эвакуациялоо боюнча буйрук чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан