
Бишкекте аялын ур-токмокко алган жаран кармалды. Бул туурасында Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, милицияга 19-февраль күнү А.Х. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат болжол менен 21:30 чамасында жолдошу ур-токмокко алып, белгисиз курч буюм менен денесине жаракат келтиргендигин айткан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесине (Уруп-сабап, кыйноо) ылайык кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө 1988-жылы туулган М.М. аттуу жаран үй-бүлөлүк зомбулук фактылары менее бир нече жолу жоопкерчиликке тартылганы аныкталган.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.