Чыгыш Тимор Демократиялык Республикасынын президенти Жозе Рамуш-Орта 9-майда Москвага Жеңиш парады үчүн чакыруу алса, келүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал "РИА Новостиге" маек берип жатып айтты.
"Москвага кубануу менен барар элем. Буга чейин эле биздин Тышкы иштер министрлигине, Жакартадагы элчибизге Орусиянын элчилигине кайрылып, ылайыктуу жана ыңгайлуу учурду тандоону айткам", - деген ал.
Анын айтымында, 2025-жылдын май айында ага Индияга баруу сунушу түшкөн, бирок ал Москвадагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга катышуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирген.
"Эгерде 9-майдага парадга чакыруу келсе, мен ал жерде болушум үчүн бардык аракетимди жасайм", - деген Орта.
Белгилей кетсек, дүйнөдөгү эң жаш мамлекеттердин катарына кирген Чыгыш Тимор эгемендүүлүк статусун 2002-жылы алган. Башкаруу система парламенттик-президенттик республика. Калкынын саны 1,3 миллион адамды түзөт.
Чыгыш Тимор – Түштүк-Чыгыш Азияда жайгашып, Тимор аралынын жарымын ээлейт. Чыгышын Тимор аралы, түндүк-батыштан түштүк-чыгышка чейин тоолор курчап турат.