Бишкек шаарында асфальт жолдорду булгаганы үчүн оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына жана курулуш компанияларына айып пул салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 20-февралда текшерүү жүргөн. Анда курулуш компаниялар тарабынан жүк ташуучу унааларды жолго чыгып жатканда эч кандай тазалоо шарттары түзүлбөгөндүгү аныкталган.
Натыйжада курулуш компанияларына Укук бузуулар кодексинин негизинде жалпы 15 протокол түзүлүп, 345 миң сом айып пул салынган.
Ал эми аталган курулуш объектилерине кирип чыккан жүк ташуучу унаалар шаардын көчөлөрүн булгагандыгы үчүн 920 миң сом айып пул салынган.