"Аsman аirlines" авиакомпаниясы Бишкек–Кербен багыты боюнча биринчи техникалык каттамды ийгиликтүү аткарды. Бул туурасында "Кыргызстан аэропорттору" ААКсынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 1-марттан тарта бул багыт боюнча туруктуу коммерциялык каттамдар башталат.
"Учактар ар ишемби күнү уча баштайт, бул борбор калаа менен өлкөнүн эң алыскы аймактарынын бирин ыңгайлуу жана тез байланыштырмакчы. Билеттерди asmanairlines.kg расмий мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алууга болот.
Жаңы каттамдын ачылышы – бул аймактык авиацияны өнүктүрүү боюнча кеңири программа алкагындагы кадамдардын бири болуп, Кыргызстандын аймактарындагы транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртууга жана экономикалык өсүштү колдоого багытталган", - деп айтылат маалыматта.