Ошто тургун милиция кызматкерине 870 миң сом пара берип жатканда кармалды (видео)

Ош шаарында милиция кызматкерине пара берүүгө шектелип 37 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ал кылмыш иши боюнча камалган адамдын бөгөт коюу чарасын жеңилдетүү үчүн милиция кызматкерине пара сунуштаган. Шектүү 870 миң сом берип жаткан жеринен кармалып, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголгон.

Облустук милиция кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады

21.02.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан