Кытайлык "Нэчжа ажыдаарлар падышасын жеңет (Нэчжа побеждает царя драконов)" анимациялык мультфильми дүйнөдөгү эң көп кирешелүү тасмалардын катарын толуктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, аталган мультфильм ушул жылдын 29-январында көрсөтүүгө чыккан. Тасма эки жуманын ичинде АКШ жана башка көптөгөн өлкөлөрдү кошпогондо 1 миллиард 69 миллион доллар киреше тапканга жетишкен. Ошентип мультфильм дүйнөдөгү эң көп киреше тапкан тасмалардын тизмесинде 8-орунду ээледи.
Тасма XVI кылымдагы романдын негизинде тартылган, анда Чэньтангуань шаарын коргоого аракет кылган өзгөчө күчкө ээ болгон баланын окуясы сүрөттөлөт.