Жеңил салмактагы бокс боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону, орусиялык Артур Бетербиев жана анын атаандашы Дмитрий Бивол реванш алдындагы көз караштар таймашын өткөрдү. Бул туурасында чет элдик спорт басылмалары жазышты.
Маалымдалгандай, анын алкагында басма сөз жыйыны да орун алган.
Анда Бетербиев бул ирет дагы командасы менен жеңиш үчүн келгенин айтып, даярдык көрүүдө көп эмгек кеткенин билдирген.
Ал эми Бивол көбүрөөк тобокелчиликке баруу кажет экендигин айткан.
Айта кетсек, эки мушкер эртең, 22-февралда Эр-Риядда өтө турган бокс кечесинин негизги беттешинде кез келишет.
Белгилей кетсек, буга чейин 2024-жылдын 12-октябрында Эр-Риядда Бетербиев менен Биволдун ортосунда жарым оор салмактагы абсолюттук дүйнөнүн абсолюттук чемпиону наамы үчүн биринчи беттеш өткөн. Беттеш 12 раундга созулуп, калыстардын чечими менен Бетербиев жеңишке жеткен. Бивол үчүн профессионалдык карьерасындагы биринчи жеңилүү болгон.