Кыргызстан украиналык машыктыруучу Сергий Пучков менен келишимин токтотту. Себеби

Бүгүн, 21-февралда Кыргыз футбол биримдиги жаштар курамасынын башкы машыктыруучусу Сергий Пучков менен келишимин токтотту. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, биримдиктин кеңсесинде Азия Кубогундагы болгон оюн боюнча отчёт угулду. Жыйынга комитеттин мүчөлөрүнөн сырткары өспүрүм, жаштар жана улуттук курамалардын машыктыруучулары катышты. Кубоктун жыйынтыгынан улам Аткаруу комитети башкы машыктыруучу Сергий Пучков менен келишимди токтотуп, машыктыруучулук штабды таратууга чечим чыгаргандыгы маалыматта кошумчаланган.
Айта кетсек, Азия Кубогунун алкагында Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы алгач Австралиядан 5:1 эсебинде жеңилген. Андан соң Кытайдан 5:2, Катардан 4:0 эсебинде утулуп калды.
Белгилей кетсек, украиналык Сергий Пучков жаштар курамасынын машыктыруучусу болуп өткөн жылдын декабрь айында дайындалган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан