Мамлекеттик кызматта иштегендердин атын жамынып, жарандардан акча талап кылып келген деген шек менен 19 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ал Whatsapp мессенжери аркылуу ар кимге жогорку кызматта иштеген адамдардын атынан акча талап кылып, билдирүү жөнөтүп жүргөн. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүүнүн жашаган жерин тинтүүдө 8 банктык карта, 176 СИМ-карта, жана ноутбуктар, планшеттер, телефондор табылган. Кармалган жаран ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, учурда тергөө иштери жүрүүдө.