Футбол боюнча Испания курама командасынын жана каталондук "Барселонанын" 17 жаштагы чабуулчусу Ламин Ямаль "Реал Мадридге" өтүү мүмкүнчүлүгү тууралуу үн катты.
Mundo Deportivo басылмасына берген маегинде ага эгер мүмкүнчүлүк пайда болсо, ал "Реал Мадридге" өтөбү деген суроого жооп берген. Ямаль бул мүмкүн эмес экенин айтып, мындай идеядан кескин түрдө баш тарткан.
"Реалгабы?" Эч качан, бул мүмкүн эмес", - деген Ямин Ямаль.
2007-жылы туулган Ламин Ямаль 16 жашынан бери "Барселонанын" негизги курамында ойноп келет. Анын жылд ал турнирдин тарыхындагы гол киргизген эң жаш оюнчу жана финалда оюн талаасына чыккан эң жаш футболчу болгон.