Өзбекстанда 21-февралдан тарта жол эрежесин бузгандар үчүн айып пулдардын баллдык системасын киргизүү, ошондой эле бир катар эреже бузуулар үчүн жазаны катаалдаштыруу боюнча мыйзам күчүнө кирди. Тиешелүү мыйзамга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кол койгон. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышты.
Аталган мыйзамга ылайык, ар бир катталган эреже бузуу үчүн айдоочу айып пулдан тышкары айып упайларын алат. Эгерде айдоочу 12 айдын ичинде 12ден ашык айып упай топтосо, ал унаа башкаруу укугунан ажыратылат. Укуктан ажыратуунун эң аз мөөнөтү 6 ай деп белгиленген. Ал эми бир жолу жол эрежесин бузуу эң көп дегенде 2 баллдык упай менен бааланат.
Мындан тышкары жол кырсыгына алып келүүчү тоскоолдуктарды жараткан агрессивдүү айдоочулар үчүн жаңы административдик жазалар каралган.
Аталган мыйзам долбоору 2022-жылы сунушталган. Анда жалаң эреже бузууларды каттабастан, тартипти сактаган айдоочуларга да стимул болот деп пландалган.