Учурда кыргызстандык ажылар үчүн 5 миң форма даяр болду. Бул туурасында муфтияттын маалыматында айтылат.
Билдирүүгө ылайык, КМДБнын алдындагы 2025-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын жетекчиси Жолдошбек Абдылдаев баштаган штаб өкүлдөрү ажылардын формаларын тигүүчү фирмага барышты. Анда формалардын сапаты, тигилиши жана материалына көңүл бурулду.
«Быйылкы жылы формабыз өзгөчө болуп жатат. Ыңгайлуу материалдар тандалып, улуттук колорит чагылдырылып жатат. Учурда 5000 форма даяр», – деди Абдылдаев.
Айта кетсек, Сауд Арабиянын ажылык министрлиги Кыргызстанга быйыл 6060 квота бөлгөн.