Аялы менен жарашуу үчүн милицияга чалып, "адам өлтүрдүм" деп алдаган жаран кармалды (видео)

Бишкек шаарында милицияга адам өлтүргөнүн кабарлап алдаган деген шек менен 50 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, ал кечээ, 20-февралда 102 кызматына телефон менен чалып, Лев Толстой көчөсүнөн "адам өлтүрдүм" деп дарегин айткан. Жерине дароо барган милиция кызматкерлери маалыматтын жалган экенин билишкен. Мындан улам телефон чалган адамдын өздүгүн аныкташып, аны кармашкан. Шектүүнүн аракетине юридикалык баа берилет.

Милиция шектүүнүн түшүндүрмө берип жаткан видеосун жарыялады. Анда ал эч кимди өлтүрбөгөнүн, бул ишке аялы менен жарашуу үчүн барганын айткан. 50 жаштагы адам аялы аны ойлоп тынчсыздануусун каалаган.

21.02.2025
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан