"Үй-бүлөм менен өткөрөм". Ырчы Азиза 44 жашка толду 

Бүгүн, 21-февралда ырчы Азиза 44 жашка толду. Бүгүнкү өздүк майрамы менен куттуктап байланышка чыкканыбызда туулган күнүн чакан чөйрөдө, үй-бүлөсү менен белгилей турганын билдирди.

"Туулган күндүк маанайлар эң сонун. Туулган күнгө карата куттуктоолор кечээ эле башталган. Бүгүн үй-бүлөм менен чакан чөйрөдө белгилейм. Досторум, курбу кыздарым дагы келишет.

Мен негизи туулган күндү өзгөчө күн деле көрбөйт экем, өтө чоң деңгээлде деле өткөрбөйм. Бирок өздүк майрам, бир жылда бир келген күн болгон үчүн белгилеп, үй-бүлөм менен дасторкон жайып отурабыз", - дейт ырчы айым.

Эстрада ырчысы Азиза 1981-жылы 21-февралда Токтогул районуна караштуу Кара-Суу айылында туулган. 6 бир туугандын улуусу. Элге Мухтар Атаналиев экөөнүн аткаруусундагы "Толкундар" ыры менен таанылган. Андан сырткары "Сизге", "Сезбедиң", "Экөөбүз", "Кайдасың?", "Биздин сүйүү", "Бала жыты" деген ырлары бар.

Ырчы айым үй-бүлөлүү. Жолдошу экөө учурда 2 уул, 2 кызды тарбиялап келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан