Социалдык тармакта Кыргызстанда тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдун материалдарын тараткан чет өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда Баткен облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, социалдык тармакта диний-экстремисттик жана террористтик уюмдун материалдарын тараткан чет өлкөнүн жараны аныкталып, Кылмыш жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, кылмышка шектүүнүн убактылуу жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, далил буюмдар алынды. Алынган далил буюмдарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, чет өлкөнүн жараны 29 жаштагы Т.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайа киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.