Элчи Руслан Казакбаев Руанданын Түркиядагы элчиси менен жолугушту

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Руанданын Түркиядагы элчиси Чарльз Кайонга менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда тараптар кыргыз-руанда кызматташтыгы, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү жана мамлекеттер менен кабыл алуучу өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу маселелери каралды.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар эки мамлекеттин ортосундагы кызматташууну кеңейтүү багытындагы иштерди улантууну макулдашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан