Дональд Трамптын жанындагылар Зеленский Украинадан чыгып кетиши керектигин айтышты

АКШнын президенти Дональд Трамптын айланасындагы адамдар Украинанын лидери Владимир Зеленский Украинадан тез арада чыгып кетиши керек деп эсептей тургандыктарын билдиришкен. Бул тууралуу орусиялык "РИА Новости" басылмасы жазды.

"Зеленскийдин өзү жана дүйнө үчүн эң жакшы чечим – анын тезинен өлкөдөн чыгып, Францияга кетүүсү", - деп билдиришкен алар.

Буга чейин Трамп Зеленскийге каршы бир катар сын айтып, аны "диктатор" жана "куудул" деп атаган, ошондой эле шайлоо өткөрүүдөн баш тартты деп айыптаган.

Ал эми АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Владимир Зеленскийди АКШны сындагандын ордуна, көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирүүгө чакырып, Америка болбосо Украина жок болуп кетмектигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан