"Ынтымак ордодогу" жыйында 30дан ашык аткаминер сөгүш алды. Кимдер?

Бүгүн, 21-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда "Ынтымак ордодо" президенттик аппараттын коллегиясынын жыйыны болуп өткөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Анда аткаруу тартибинде кетирген кемчиликтери, кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы, негизсиз командировкага кеткендиги жана мекеменин иш пландарын талаптагыдай жүргүзбөгөндүгү үчүн бир катар мамлекеттик кызматкерлерге катуу сөгүш жана сөгүштөр берилген.

  • Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиевге (катуу сөгүш);
  • Жаратылыш ресурстары министринин орун басары Асел Раимкуловага (катуу сөгүш);
  • Айыл чарба министринин орун басары Самат Насирдиновго (катуу сөгүш);
  • Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулуна (катуу сөгүш);
  • Билим берүү министринин орун басары Лира Самыкбаевага (катуу сөгүш);
  • Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги, мектептен тышкары жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Козуевге (катуу сөгүш);
  • Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымовага (катуу сөгүш);
  • Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуудан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнур Исираиловага (катуу сөгүш);
  • Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяровго (катуу сөгүш);
  • Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиевге (катуу сөгүш);
  • Нарын районунун акими Нуридин Мадимаровго (катуу сөгүш);
  • Жети-Өгүз районунун акими Эрмек Бахавидиновго (катуу сөгүш);
  • Манас районунун акиминин орун басары Азия Батырбековага (катуу сөгүш);
  • Санариптик өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Клим Омельченкого (сөгүш);
  • Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Сергей Слесаревге (сөгүш);
  • Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаевге (сөгүш);
  • Билим берүү министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиевге (сөгүш);
  • Жаратылыш ресурстары министринин биринчи орун басары Кубат Касейиновго (сөгүш);
  • Маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиевге (сөгүш);
  • Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузаковага (сөгүш);
  • Коргоо министринин биринчи орун басары Эрлис Тердикбаевге (сөгүш);
  • Саламаттык сактоо министринин орун басары Бубужан Арыкбаевага (сөгүш);
  • Саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетовго (сөгүш);
  • Энергетика министринин орун басары Нурлан Садыковго (сөгүш);
  • Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Максат Саргазаковго (сөгүш);
  • Климаттык каржылоо борборунун директорунун орун басары Мирлан Үсөнкановго (сөгүш);
  • Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары Жаныбек Исаковго (сөгүш);
  • Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаровго (сөгүш);
  • Жети-Өгүз районунун акиминин биринчи орун басары Кадырбек Аджиевге (сөгүш);
  • Жети-Өгүз районунун акиминин орун басары Жыпаркүл Бектемировага (сөгүш);
  • Токтогул районунун акими Акылбек Тюкбаевге (сөгүш);
  • Ак-Талаа районунун акими Жумадилла Жапаровго (сөгүш);
  • Панфилов районунун акими Бекмат Масаидовго (сөгүш);
  • Ысык-Көл районунун акими Жапар Ормоновго (сөгүш).

Мындан тышкары бүгүнкү отурумда 20га жакын аткаминер кызматтарынан кол жууганы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан