Эртең борбордо айыл чарба жарманкеси өтөт 

Бишкекте 22-23-февраль күндөрү социалдык маанилүү азык-түлүк продукцияларынын жана керектелүүчү товарлардын жарманкеси өтөт. Иш-чара саат 09:00дөн кечки саат 19:00гө чейин уланат.

Айыл чарба министрлиги кабарлагандай, жарманке ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге шаар тургундарына азыктарды дүң баада сатуу максатында уюштурулду.

Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай ата көчөсү, Эркиндик жана К. Тыныстанов (ЖД Вокзал) көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.

Суроолор боюнча министрликтин кызматкерине байланышса болот: 0702 702 000.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан