Адылбек Касымалиев расмий сапар менен Астанага барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 24-25-февраль күндөрү расмий сапары менен Казакстандын Астана шаарына барат. Бул тууралуу ведомство бүгүн, 21-февралда маалымдады.

Касымалиев расмий сапарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, премьер-министр Олжас Бектенов менен жолугуп эки тараптуу кызматташуу маселелерин кенен сүйлөшөт.

Мындан тышкары сапардын жүрүшүндө "Казакстан Гарыш Сапары" улуттук космос борбору, Казакстандын Санариптик өкмөтүнүн кеңсеси сыяктуу бир катар объекттердин ишмердүүлүгү менен таанышып, сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан