"Чет жакта иштеп жүрөм". Баткенде дайынсыз жоголгон аялдын сөөгү айыл четинен табылды

Ички иштер министрлиги бүгүн, 21-февралда мурда жасалган өзгөчө оор кылмыштын бети ачылганын маалымдады.

Министрлик тактагандай, дайынсыз жоголуу жана адам өлтүрүү менен байланышкан кылмыш мындан бир жарым жыл мурун Баткен облусунун аймагында болгон.

Ага ылайык, 2023-жылдын 20-сентябрында милицияга Раззаков шаарынын 37 жаштагы тургуну А.Б. үйүнөн чыгып кетип дайынсыз жоголгону тууралуу маалым болгон. Ал боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси "Адам өлтүрүү" менен кылмыш иши козголгон.

ИИМдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган Ш.Р. аттуу жаран кармалды.

"Аталган жаран аял менен болгон жаңжалда денесине оор жаракат келтирген. Кийин кылмыштын изин жашыруу үчүн маркумдун телефонунан ал "чет өлкөдө жүрөм" деп смс аркылуу туугандарына жооп берип турган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү өлтүргөн адамдын денеси көмүлгөн жерди көрсөтүп, окуя боюнча айтып берди. Тергөө иштеринин жүрүшүндө айылдын четиндеги талаада көмүлгөн адамдын сөөгү табылып, тийиштүү соттук экспертизалар дайындалды", - деп жазылат анда.

Мындан тышкары кармалган жаран жашы жете элек кызга карата ыплас аракеттерди жасаган деп шектелип, ал дагы Баткен облусунун тургуну экендиги аныкталды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси "Ыплас аракеттер" боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери улантылууда. Кармалган адам убактылуу кармоо жайына камалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан