
Бишкектин Ак-Босого конушунда 25-февралда саат 9.00дөн 15:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Мэриядан мындай чектөө "Ак Босого-1", "Ак Босого-2" суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерине байланыштуу киргизилгенин билдирди.
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.