Билим берүү жана илим министрлигине жеке менчик жогорку окуу жайларды лицензиялоого убактылуу мораторий жарыялоо тапшырылды. Бул тууралуу кечээ, 21-февралда өткөн президенттин аппаратынын коллегиясында белгилүү болду.
Коллегиянын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бир катар тапшырмаларды берди:
- лицензиялоонун бирдиктүү мамлекеттик платформасын киргизүү;
- аккредитациялоо боюнча чечимдерди карап чыгуу;
- аккредитациялоо жол-жоболорун өркүндөтүү;
- аккредитациялоочу агенттиктердин стандарттарын жана жол-жоболорун оптималдаштыруу;
- агенттиктерге каршы санкцияларды катаалдаштырууну кароо;
- Министрликтин бардык бөлүмдөрүндө санариптик контролдоо механизмдерин киргизүү, лицензиялык жана контролдоо боюнча милдеттерди аткарбаган кызматкерлерге тартиптик жаза чараларын колдонуу, министрликтин тиешелүү бөлүмдөрүндө кызматтык иликтөө жүргүзүү.