Баткен облустук ооруканасынын директорунун орун басары жана лаборанты узак убакыт бою рентген аппаратынын кызматы үчүн жарандардан акча алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК бүгүн, 22-февралда маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, шектүүлөр Саламаттык сактоо министринин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493 «Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуунун мамлекеттик кепилдиктеринин программасын бекитүү жөнүндө» буйругун бузуу менен узак убакыт бою жеке баюу максатында жарандардан рентген аппаратынын кызматы үчүн акча чогултуп келишкен.
Рентген аппаратынын баасы түрүнө жараша 291 сомдон 496 сомго чейин болгон.
Мындан улам 15-февралда Баткен облустук ооруканасынын директорунун орун басары К.К.К. жана лаборант К.у.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.
Кармалгандар Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунда “Өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ишенип берилген жактын мүлкүн же акча каражатын ыйгарып алуусу же коротуусу" каралган кылмышка шектелүүдө.