Чүй облусунун Токмок шаарында 16 жаштагы өспүрүм асынып алды. Бул маалыматты Чүй ОИИББи тастыктап, окуя 16-февралда болгонун билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-февралда Токмок ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө шаардын Кара-Суу көчөсүндө жайгашкан үйдөн 2008-жылы туулган өспүрүм өз жанын кыйганы боюнча кабар келип түшкөн.
Аталган факты Токмок ШИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
"Анын жүрүшүндө өспүрүм окуусун мыкты окуганы, үлгүлүү окуучулардан болгону жана мектептик олимпиадаларга катышканы аныкталган. Чоң атасы каза болгондон кийин анын жашоого болгон мамилеси өзгөргөнү айтылды. 16-февралда саат 11:00 чамасында ал үйүнүн уктоочу бөлмөсүндө асынып алган. Кароодо анын денесинде зордук-зомбулуктун белгилери табылган эмес" деп жазылат милициянын маалыматында.
Бул факты боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.