УКМК Бишкекте транспорт департаментинин башкы адисин кармады

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин башкы адиси А.Т.Т. пара алууга шектелип кармалды.

УКМКнын маалыматына ылайык, 18-февралда А.Т.Т. аттуу кызматкер 60 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.

"Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, ал көзөмөлдөөчү органдардын текшерүүсү аркылуу коркутуу менен акча талап кылган.

Ошондой эле шектүү өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинен чыккан ар кандай маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн жарандан бир нече жолу пара алганы аныкталган" деп жазылат анда.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү 19-апрелге чейин №1 тергөө абагына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан